7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Медициналык мекемелер, бала бакча жана мектептерге жылуулук бериле баштады

683

Бишкекте медициналык мекемелер, бала бакча жана мектептер жылытуу тутумуна кошулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы буга чейин медициналык мекемелерди, бала бакчаларды жана мектептерди жылытуу системасына кошууну жыйынтыктады. Жылуулук 620 үйдөн 515 турак үйгө, 8 жогорку окуу жайдын 5не берилди. Аталган ишкананын бардык абоненттери 7-октябрдын кечине чейин жылуулук менен камсыз болушат.

Жалпысынан, компаниянын абоненттеринин 67% ы борбордук жылытуу системасына кошулду.

Эске сала кетсек, ысык суу жана жылуулук бишкектиктердин үйлөрүнө эки уюм тарабынан берилет: Улуттук энергохолдингдин филиалы болгон «Бишкекжылуулуктармагы» ААК жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы.

Белгилей кетсек, борбордо жылуулук 5-октябрга караган түнү башталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

684