7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мээрим Жуманазарова Москвада өтө турган супертурнирге катышат

619

Мээрим Жуманазарова Россияда өтө турган “Москванын гран-приси — Алроса кубогу” аталышындагы спорттук күрөш боюнча супертурнирге катышат. Бул тууралуу күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жуманазарова 68 кг салмакта россиялык Ханум Велиевага каршы күрөшөт. Супертурнир 3-декабрда Москва шаарында өтөт.

Спортчулар Алроса кубогунун алкагында грек-рим, эркин күрөш жана грэпплинг боюнча да таймашышат.

Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынын жарым финалында Мээрим Жуманазарова Ханум Велиеваны жеңип финалга чыккан. Көп өтпөй россиялык машыктыруучулар бул беттеште калыстарды күнөөлөп, упай туура эмес көрсөтүлгөнүн айтып, нааразы болгон.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

620