Париждеги Олимпиадада Мээрим Жуманазарова экинчи орунду алып, күмүш тагынды.
Учурда балбан кыз Олимпиада медалдарынын саны боюнча Кыргызстанда рекорд койду. Ал 3 жыл мурда Токиодо коло тагынса, быйыл күмүш байгенин ээси болду.
Муну менен Жуманазарова учурда Олимпиадалык оюндарда 2 медаль алган кыргызстандык жалгыз спортчу.
Ал эми, алдыда Олимпиадада күмүш алган Акжол Махмудов коло медаль үчүн күрөшөт, ал дагы Жуманазарованын катарына кириши толук ыктымал. Мындан тышкары, 2020-жылдын Олимпиадасында экинчи орунду алган Айсулуу Тыныбекова дагы бар, анын беттеши 9-августта өтөт.