7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Мейкин Азия” фестивалынын биринчи туру жыйынтыкталды

317

Чолпон-Атада IV эл аралык эстрадалык музыка аткаруучуларынын «Мейкин Азия» фестивалынын алкагындагы сынактын биринчи туру жыйынтыкталды.

Фестивалдын алгачкы күнүндө расмий ачылыш аземи болуп, дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн келген таланттуу катышуучулар өз өлкөлөрүн тааныштырып, сахнада музыкалык чыгармаларын аткарышты.

Эске салсак, фестиваль дагы эки күнгө уланат. Ар бир сынак Кыргызстандын жана чет өлкөлүк белгилүү жылдыздардын катышуусунда концерттер менен коштолот. Фестивалдын ардактуу коноктору I «Мейкин Азия» фестивалынын жеңүүчүсү, белгилүү ырчы Димаш Кудайберген, ошондой эле азыркы учурдагы популярдуу Ay-Yola тобу жана Sevak болушат.

Бүгүн, 21-июлда фестивалдын экинчи туру өткөрүлөт. 22-июлда фестивалдын жабылышы өтөт. Бул күнү Димаш Кудайберген ырдап, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтөт.

318