7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө «алтын сертификаттар» жана ноутбуктар тапшырылды

355

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн «алтын сертификаттар» менен сыйлоо аземине катышты.

Иш-чарага «алтын сертификаттын» 54 ээси, ошондой эле ЖРТдан жогорку балл алган 19 окуучу катышты. Министрлер кабинетинин башчысы президент Садыр Жапаровдун атынан окуучуларды сертификаттарды алышы менен куттуктап, алар өлкөбүздүн сыймыгы экенин белгиледи.

Касымалиев мектеп бүтүрүүчүлөрүнө келечектеги кесибин тандоого өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылууну каалап, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн билимдүү, жоопкерчиликтүү, кесипкөй жана патриоттук маанайдагы кадрлар керектигин айтты.

Иш-чаранын катышуучуларына ата мекендик өндүрүштөгү ноутбуктар белекке берилди.

356