7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мектепте кургак учуктун ачык түрү менен ооруган мугалим сабак берген

252

Мектептердин биринде кургак учуктун ачык түрү менен ооруган мугалим сабак берген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Социалдык саясат боюнча комитетте билдирди.

Анын айтымында, ал бул маселени биринчи жолу көтөрүп жаткан жок.

«Мурунку жолу айтканымжа мени ойлоп тапты дешти. Ызы-чуу чыкпасын деп мектептин номерин, мугалимдин аты-жөнүн ачыктаган жокмун. Бирок буга чара көрүш керек. Билим берүү министрлигинен айрым фактыларды жашырууга эмес, маселенин өзүнө көңүл буруусун суранам. Кургак учук, ВИЧ сыяктуу оорулар бүтүндөй калкка, бүтүндөй элге коркунуч туудурат. Мектепте бул дарт менен ооруган мугалимдин сабак берүүсү акылга сыйбайт”,— деди ал.

Депутат Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилерин комитеттке келүүнү суранды.

«Биз министрлерден көйгөйлөрдү чечүүнүн саясаты жана стратегиясын сурайлы деп жатабыз. Депутаттардан сурай албайбыз. Оорулардын кесепеттери менен күрөшүү эмес, алдын алуу гана натыйжаларга жетишүүгө жардам берет», — деди Талиева.

253