7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

181

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун (УАС) ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө тескемеге кол койду.

Чечим 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеңүүнүн бүткүл дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоону эске алуу менен кабыл алынды.

2024-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жалпы саны 32 адамды түзөт.

Тескемеге ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардамды төлөөгө президенттин фондунан 3 млн 232 миң сом бөлүү тапшырылат:

− Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;
− Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
− Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде нацисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдарга;
− 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген, “За оборону Ленинграда” медалы менен сыйланган адамдар жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга.

182