7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мектептин курулушу бүтпөй, мамлекетке 8 млн сомдон ашуун зыян келтирилген

852

Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирген фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл өкмөтүнүн Жаңы-Шаар айылына 150 орундуу мектеп курууда өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан. Иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын которушуп, жумуштун жүрүшүнө тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөй, натыйжада мамлекетке 8 млн 845 миң 500 сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

853