«МЕНИН ЭМИ БАРАР ЖАГЫМ БЕЛГИСИЗ»
Алданбаган, калдаңдаган кар дүйнө!
Сенин жолуң татаал дагы, муздактыр…
Күнүм болуп, сүйүүм болуп жанды эле,
Күйүт болду күлмүңдөгөн бир жакшы.
Күйүт болду… Кетти анан… Жөн кетти,
Айтпай кетти себебин да, шартын да.
Дагы алдыда мен сөз күтчү жол көптүр,
Бирок билем – жок сөз гана айтылбайт.
Мен да кеттим. Билем, жолдо көп көрдүм:
Жолдогулар кылчактабайт, кайрылбайт!
Кеткен жолум көңүлүмө төп келди,
Кеткен жанды күттүм, бирок ай-жылдап…
…Арман тагдыр, кайран тагдыр чектелүү,
Азганыма, жазганыма чыдаган…
Мен дүйнөнү калбаш үчүн жек көрүп,
Сен аман бол жүрөктөгү бир адам!
Аман болгун жүрөктөгү бир Аалам…
Кантип жашап жаттың экен, жаралуум,
Карайлаган, кар айланган күндөрдү?!
Жазыла элек жалгыз ырың санаалуу
Жарыттыбы, карыттыбы дүйнөңдү?
Канттиң экен?! Балким көөнүң чыйрыкты
— Кыштан эмес, адамдардан көбүрөк.
Бир калчанган, бир жалтанган жыл бүттү,
Өмүр шунтип ойду-келди төгүлөт…
Канттиң экен? Мен чарчадым ызгаардан,
Күкүктөгөн өз үнүмдөн чарчадым.
Жалган жомок күткөн жандар бул шаарда,
Жаңы жылга жасалгалап арчасын,
Шөкөттөштү… Үй, көчөсүн, муң-зарын,
Шөкөттөштү, аяр, коомай, сыртынан…
…Өчөт жарык, өчөт баары бир жанып,
Менин жолум бир бороон да, бир туман!
Кантип жашап жаттың экен, жаралуум,
Карайлаган, кар айланган күндөрдү?!
Жазыла элек ырың ээлеп санааңды,
Жарытты же карытты го дүйнөңдү…
Автор: Нарсулуу Гургубаева