Казакстанда тоюнда кыз махрга унаа сурагандыгы үчүн бала үйлөнүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу Caravan.kz медиа-порталы жазып чыккан.
Маалыматка ылайык, үйлөнүү тоюнда кыз менен жигит мечитке нике кыйдыруу үчүн барышат. Анда, махрга кыз “Хаммер” үлгүсүндөгү унааны сураган. Бул нерсени уккан жигит унчукпастан туруп, той болбой турганын айтып чыгып кеткен. Ал учурда кыз тамашалап койгонун айткан, бирок муну уккан баланын досу “Бул жер тамашалай турган жер эмес” – деп кетип калган.
Кыз үй-бүлөдө кичүүсү. Ага 25 жашында эки агасы менен атасы «Land Cruiser» үлгүсүндөгү унааны белек кылышкан. Учурда кыз 28 жашта.