7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
16°C

Баткенден эвакуацияланган жарандарга 26 психолог жардам көрсөтүүдө

298

Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын эвакуацияланган тургундарына саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Гуласыл Сутуева жетектеген психиатр, психотерапевт жана клиникалык психологдордон турган 26 адис психологиялык жардам көрсөтүүдө.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Психология жана психиатрия борборунан 7 психолог, Жалал-Абад облусунан 5 психолог, кризистик борборлордон 4 психолог жана Бишкек шаарынан Республикалык псхиатрия жана наркология борборунан келген 9 психолог Лейлекте иштеп жатат.

“Адам бир нерседен катуу чочуп коркуп калганда катуу стресс алышы мүмкүн. Ошол убакта биринчи психологиялык жардам көрсөтүлбөсө алар ооруга айланып кетиши мүмкүн. Жабыркагандар өтө көп, психолог дарыгерлер чарчаганына карабастан иштөөдө. Өнөкөт ооруларды алдын алуу үчүн биз психологиялык жардам көрсөтүүдөбүз. Бул жумуш бир күндүк иш же бир айлык иш эмес бул нече айга созулат. Учурдагы абал оор болгондуктан бардыгына курч мезгилдеги психологдор келип жардам көрсөтүүдө. Эвакуацияланган калктын көпчүлүгү шаар ичиндеги жана айылдардагы үйлөрдө жайгашкандыктан ар бир үйгө кирип жекече сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен кошумча маалымат үчүн психологдордун телефон номерлерин калтырып кетүүдөбүз”- деп билдирди Кадамжай шаарында иш алып барып жаткан Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

299