7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мен эмнеге башкалардай боло албайм?…» Өзүн баалоонун 9 ыкмасы

846

Өзүн сүйгөн адамды башкалар дагы баалай билет. Өзүн сүйүү бул өзүмчүлдүк эмес, өзүнүн көздөгөн максаттарына жетүү, каалоолорун ишке ашыруу… «Башкалар эмне дейт», «Мен эмнеге башкалардай боло албайм», «Менин колуман келбейт», «Мага эч ким маани бербейт», — деген жана башка терс ойлор сизди дагы да чүнчүтүп, жашоого болгон кызыгууңузду төмөндөтөт. Бааңызды көтөрүүчү 9 ыкма менен таанышып чыгыңыз.

  1. Кандай болсоңуз ошондой кабыл алыңыз. Башкача айтканда кемчиликтериңизди кабыл алганды үйрөнүңүз
  2. Өзүңүздү башкалар менен салыштырганды токтотуңуз. Ар бир адамдын өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө жараша өзгөчөлүгү болот
  3. Комплименттерди ханышадай кабыл алганды үйрөнүңүз. Уялуунун кереги жок
  4. Комплименттерге ылайыктуу болуңуз. Ар дайым өзүңүздү өнүтүрүңүз
  5. Өзүңүздү таза алып жүрүңүз жана олтурганда басканда денеңизди түз кармаңыз
  6. Үнүңүздү диктафонго жаздырыңыз. Сөзүңүздүн аягын жутуп, түшүнүксүз акырын өзүңүзгө ишенбегендей сүйлөп жатасызбы? Өзүңүздүн үстүңүздөн иштеңиз, өнүктүрүңүз. Бул сизге болгон ишенимди арттырат.
  7. Сүрдүү адамдар менен олтурганда алардан тартынбастан баарлашып, алардын жакшы жактарын үлгү кылып алсаңыз болот.
  8. «Жок» — деп айтканды үйрөнүңүз. Бирок, сылыгыраак айтыңыз. Бирөөнү жок деп капа кылып коем деп коркпоңуз. Өзүнүн кызыкчылыгын кыла алган адамды башкалар дагы сыйлайт.
  9. Жөн эле өзүңүздү сүйгөндү үйрөнүңүз. Баардык жагы төп келген адам бул жашоодо жок. Каталарыңызды, кемчиликтериңизди акырындык менен оңдоп, алдыга умтула бериңиз…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

847