7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте балдар үчүн тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу башталды

394

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Бишкек шаарындагы балдардын медициналык тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушуна старт берди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыркы дүйнө жүзүндө эң маанилүү маселе саламаттык сактоо, ден соолукту чыңдоо, сергек жашоо мүнөзүн адатка айлантууга тарбиялоо болуп эсептелерин, андыктан өлкөнүн мамлекеттик саясаты жарандардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо үчүн бардык шартттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, элдин саламаттыгын бекемдөө маселеси 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасындагы негизги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө өлкөбүздүн келечеги саналган балдардын саламаттыгына кам көрүү, ден соолугун чыңдоо маселеси мамлекеттин көңүл чордонунда турат.

Ал Өнүктүрүү программасы сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылууга, ден соолукту чыңдоого, анын ичинде балдардын ооруларынын негизги себептерин алдын алуу менен оорулардын көрсөткүчүн төмөндөтүүгө багытталганын кошумчалады.

Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы балдардын тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүдө маанилүү аспект болот деп белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн каражатка балдар үчүн заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жаңы оорукана 2025-жылга чейин курулуп бүтөрүнө ишеним артты.

Төрт кабаттуу хирургиялык имараттын курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун (Сауд Арабия Королдугу) жеңилдетилген насыясынын эсебинен каржыланат. Жаңы имаратта 212 керебет жана 8 операциялык бөлүм болот: шашылыш хирургия, нейрохирургия, неонаталдык хирургия, хирургиялык инфекция, көкүрөк хирургиясы ж.б.у.с. болот.

Ошондой эле имаратта радиология, реанимация проктологиясы жана токсикология, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын реанимациясы, урология, травматология бөлүмдөрүн, морфологиялык кабинет, лабораториялык блок ж.б. жайгаштыруу пландалууда.

Ушул эле жерде Мамлекет башчысы медициналык мекеменин жамааты менен баарлашып, орун алган көйгөйлөрдү сурады. Дарыгерлер эмгек акынын жогорулашына ыраазычылыгын билдиришип, саламаттыкты сактоо тармагындагы актуалдуу маселелер тууралуу айтып беришти.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

395