Чуңкурчак жайлоосунда намазын калтырбай окуган милициянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Видеодо милиция кызматкери үстүндөгү формасын жерге салып алып, намаз окуп жатканын көрүүгө болот.
Аталган видеону тартып алган жигит Чуңкурчактагы майрамды көрүү үчүн барган. Иш учурунда намазын калтырбай окуп жаткан милиция кызматкерин көрүп суктанып, видеону тартып алган.
Белгилей кетсек, кечээ, 31-августта Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнө жана тарыхый инсан Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.