7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэри: Коомдук транспорттун жол акысы көтөрүлбөйт

518

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров коомдук транспорттун тарифи тууралуу суроого «Кабар» маалымат агенттигиндеги өткөн маалымат жыйынында жооп берди.

Ал белгилегендей, мэрия жарандарды коомдук транспортто жол кирени накталай эмес төлөөгө үндөп жатат.

“Жүргүнчүлөр накталай төлөй турган болсо, анда автобуска 11 сом эмес, 15 сом деп сунуштап жатабыз. Себеби, биз накталай эмес төлөмгө өтүшүбүз керек. Бирок жол кирени көтөрүү боюнча токтом долбоорун кайра артка чакыртып алдык. Себеби нааразычылыктар көп болуп, эл тарифти көтөрө албашын билдиришти. Азыр тариф көтөрүлбөйт”, — деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкекте коомдук транспорттун тарифин көтөрүү сунушталып, троллейбус менен автобустун жол киреси 15 сом, маршрутка саат 6:00 — 20:30 аралыгында 21 сом, саат 20:30 — 6:00 аралыгында 32 сомду түзмөк.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

519