7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрдин орун басарларына сөгүш жарыяланды

470

Шаардык муниципалитетте калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында райондук администрациялардын башчыларынын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда пландык кеңешме өттү.

Пландык кеңешмеде 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешин өткөрүүдө аткарылган иштердин жыйынтыктары талкууланды.

Мэр КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына карата болгон жумуштар өз учурунда аткарылгандыгын, аны менен бирге алдыда жасалып жаткан жана жасала турган иштерди тездетүү зарылдыгын кошумчалады.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө салыктык эмес кирешелер боюнча үчүнчү кварталдын тапшырмасы 34%га аткарылбаганы үчүн калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров биринчи орун басары Мирлан Байгончоковго, орун басары Нурдан Орунтаевге жана Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору Талант Рыскулбек уулунуа сөгүш берди.

 

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

471