7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрия Бишкекке кошулган конуштар беш жылда кандай өнүгөрүн айтты

114
Бишкекке кошулган конуштарды өнүктүрүүгө беш жылда 48,8 миллиард сом жумшалат. Бул тууралуу мэрия жарыялаган Административдик-аймактык реформа алкагында борбор калаага кошулган аймактарды өнүктүрүү боюнча 2026-2030-жылдарга карата иш-чаралар планынын долбоорунда айтылды.
Каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден, муниципалдык ишканалардын каражатынан, ошондой эле бюджеттен тышкаркы булактардан, анын ичинде эл аралык гранттардын эсебинен жүргүзүлөт.
План социалдык объектилерди куруу жана реконструкциялоо, жол инфраструктурасын өнүктүрүү, инженердик тармактарды жакшыртуу, турак жай-коммуналдык чарба жана энергетика тармагын өнүктүрүүнү камтыйт. Анын ичинде билим берүү мекемелери үчүн 37 имарат курулуп, 80-100 чакырым жол салынары айтылды.
Эске салсак, 2024-жылы Бишкектин административдик башкаруусуна 24 калктуу пунктуну камтыган сегиз айыл аймагы өткөрүлүп, шаардын аянты 41 миң гектарга чейин кеңейген.
115