Автобустардагы накталай эмес төлөмдү көзөмөлдөө үчүн “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы контролерлорду жумушка чакырат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, жумуш убактысы эртең мененки 07:00 дон кечки 08:00 чейин.
“Контролердун милдеттери автобустардагы накталай эмес төлөмдү көзөмөлдө жана «Тулпар» карталарын сатуу. Эмгек аксы күнүнө 1200 сом жана ар бир саткан «Тулпар» карталары үчүн 10 сом каралган” – деп айтылат маалыматта.
Бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар: 0550553444, WhatsApp: 0555 525 452.