7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрия оңдолгон жолдордун сапаты боюнча сынга жооп берди

493

Бишкектеги көчөлөрдү оңдоп жаткан компания жол тилкесинин сапатына 3 жылдык кепилдик берет. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.

Бул мезгил аралыгында ал өз эсебинен көчөлөрдү калыбына келтирет.

Белгилей кетсек, интернетте Ахунбаев көчөсүндөгү (Айтматов менен кесилишкен) жаңы асфальт  чөгүп кеткени тартылган видео жарыяланган. Мэрия ал жерлер кайра оңдолорун маалымдайт.

«Айрым медиа каражаттарына жарыяланган кемчиликтер буга чейин муниципалитеттин тиешелүү кызматтары тарабынан аныкталган. Бүгүнкү күндө ал тилкелер көзөмөлгө алынып, иш жүрүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын август айынын аягына чейин, аныкталган бардык кемчиликтер жоюлат», — дейт шаар бийлиги.

Бишкектин көчөлөрүн «Технотоп» компаниясы оңдоодо.

Жолдорду оңдоодо 2024-жылга 509,9 миллион сом каралса, тендердин жыйынтыгы менен чыгым 483, 9 миллион сомго азайтылып, мэрия 25 миллион сом үнөмдөдү.

Капиталдык оңдоодон өткөн көчөлөрдө жол тилкеси жарактан чыккан учурларды же кемчилик байкасаңыздар төмөнкү ыкчам байланыш номерлерине билдирүү калтырсаңыздар болот:
Октябрь району — (0708) 83-83-23, (0312) 53-03-15 (Осмоналиев Азамат);
Ленин району — (0555) 31-21-85, (0312) 53-03-15 (Шаршамбеков Кубаныч);
Биринчи май району — (0500) 50-02-57, (0312) 53-03-15 (Мамыр уулу Бакберген);
Свердлов району — (0707) 65-17-17, (0312) 53-03-15 (Борубаев Талант).

494