7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде жетекчилер 90 жаштагы энеге үй куруп беришти

228

90 жаштагы  Ташбүбү Абилова, 54 жаштагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызы менен, туруктуу жашаган жайы жок айылдагы  бош үйлөрдө баш калкалап келген.

Эненин жашоо шарты тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда жарыяланып, жергиликтүү бийликке да маалым болгон.   

Эне баланын тагдыры боюнча маалымат алган КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Абдикарим Алимбаев, мындан эки ай мурда аларга турак жай курууну колго алган. Алгач облус башчысынын тапшырмасына ылайык, апанын кызы Тажигүл Абиловага Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр айылынан турак жай салуу үчүн 10 сотых жер участогу бөлүнүп берилген.

Облус башчысынын үй куруу демилгесин Баткен облустук мекеме ишканаларынын жетекчилери колдоп, ыктыярдуу салым кошушкан. Натыйжада эки ай аралыгында үч бөлмөлүү заманбап, бардык шарты бар үй курулуп бүттү.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери, үйдү турмуш тиричиликке керектүү буюмдар менен толуктаган.

Бүгүн турак үйдү ээлерине салтанаттуу тапшыруу аземи өттү. Ага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баш болгон жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер, айыл тургундары катышты.

Облус башчысы Ташбүбү апага үйдүн ачкычын тапшырып, ак өргөсү менен куттуктап,узак жана бакубат жашоо каалады.

Ташбүбү эне турак үйдү курууга салым кошкон жарандарга ыраазычылык билдирип,чексиз бактылуу экенин билдирди.

Айыл аксакалдары жетекчилердин биргелешкен аракетин жогору баалап, ак баталарын беришти.

229