7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Миң-Куш «Оргтехника» заводу мамлекетке кайтарылды

398

Мурдагы Миң-Куш «Оргтехника» заводу-азыркы «Оргтехника» ААКтын балансында турган кыймылсыз мүлктөр жана товардык — материалдык баалуулуктар мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Кайра кайтарылган кыймылсыз мүлктүн жалпы аянты 11 гектарды түзөт. Аянты 4,3 га болгон инструменттер цехинде 20га жакын станок бар.

Миң-Куш «Оргтехника» заводу 1970-1971-жылдары Нарын облусунун аймагындагы биринчи ири өнөр жай ишканасы катары түзүлгөн жана эл керектөөчү товарларды: ручка, түстүү фломастерлерди  чыгаруучу ири ишкана болгон.

Мамлекеттик «Оргтехника» заводу 1994-жылы Эл аралык өнүктүрүү уюмунун программасына киргизүү аркылуу 1995-жылы ачык акционердик коом (ААК) болуп кайра түзүлгөн.

“Оргтехника» ААКнын жер тилкелери жана кыймылсыз мүлктөрү Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын балансына тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү Актысына ылайык өткөрүлүп берилди.

 

 

 

 

 

399