7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мидин Алыбаев: «Мен өзүмдү эр көкүрөк көрсөм да, Ээрчип жүргөн көлөкөңдөй санадың…»

1159

Акын, драматург жана котормочу Мидин Алыбаевдин ырларын кимдер гана укпаган…

Кыз жана гүл

Кызды көрдүм кыпкызыл гүл кармаган,

Өзү жалгыз, жигити жок жандаган.

Гүлү да гүл, өзү да гүл буруксуйт,

Биле албадым гүлүн кимге арнаган?

 

Жыттап коет. Эки жагын каранат.

Жапжай басат аллеяны аралап.

Карындаштын колундагы кызыл гүл

Кимге буйруп, болсо керек аманат…

 

Кыз алдынан чыга келген бир жигит.

Токтой калды кызыкканын билдирип.

– Гүл жыттатчы – деди жигит шар айтты

Кыйын ишко, жаш кездеги жиндилик?!

 

– Койгун жигит, колтуктаба жанашпа!

Койгун жигит, колдон гүлдү талашпа!

Орой мүнөз одоно өскөн окшойсуң

Оозум барбайт сени теңтуш санашка!

 

Да бир жигит жолдон чыкты күлмүңдөп,

“Өзү сонун, өңү сонун бул ким?” деп.

Шар айталбай көзүн тикти гүлүнө

Уяң жигит сүйгөндүгүн билдирмек.

 

Кыйгач басты кыз көңүлүн салбады.

Мурдун чүйрүп, муну теңге албады.

“Бирөө орой, бирөө жеткен уяң” деп

Оолак басты оңдоп гүлүн кармады.

 

Кеч киргенде бирөө чыкты жолунан.

Бирок гүлдү сураган жок колунан.

Айла кетип кыз өзү гүл сунганда:

– Албайм – деди – гүлүң эчак соолуган…

 

Кээде бүркөө, кээде жарк дейт кабагың,

Кантип сенин кыялыңды табамын?

Мен өзүмдү эр көкүрөк көрсөм да,

Ээрчип жүргөн көлөкөңдөй санадың…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1160