7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиционерлер чөгүп бара жаткан кызды куткарып калышты

573

Милиционерлер пансионаттын кызматкерин көлгө чөгүп бараткан жеринен куткарып калышкан. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ысык-Көл облусундагы «Телтору» пансионатынын директору милициянын кызматкерлерине түнкү саат 01:00 чамасында  кайрылып, пансионатта иштеген кыз жок болуп жаткандыгын айтып, жардам сурап кайрылган.

Ошол замат полктун кызматкерлери милициянын старшинасы  Таласбек уулу Нурсултан жана милициянын старшинасы Юсуп уулу Мирлан эс алуучулардан сураштырып, кыз көл жээкти көздөй кетип бара жатканын такташкан. Кызматкерлер ыкчам көл жээгине барган учурда кыз көлгө чөгүп жатканын көрүшүп, кызды суудан алып чыгып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Андан соң Чолпон-Ата шаардык ооруканага алып барышкан. Куткарылган жаран Нарын облусунун 1986-жылы туулган тургуну болгон. Дагы бир адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкерлерине пансионаттын директору ыраазычылык билдирген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

574