7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

904

Аймактык милиция кызматкерлери пара менен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин ШМБ-3 (ГОМ-3) аймактык тескөөчүлөрү милициянын ага лейтенанты А.У.Э., милициянын лейтенанты А. уулу И.  5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалышты.

Тергөөдө аталган милиция кызматкерлери узак убакыттан бери туруктуу негизде О.Г. аттуу жаранды кылмыш жообуна тартабыз деп коркутуп, анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу аракети менен опузалап, андан акча алып жүрүшкөндүгү аныкталган.

Аталган милиция кызматкерлери Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

905