7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Милиция кызматкерлери сабады». Ош ШИИБи окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берди

484

Бүгүн 4-октябрда Ош шаарынын тургуну милиционерлер тарабынан сабалдым деген маалымат тараткан.  Бул тууралуу шаардын ички иштер башкармалыгы төмөндөгүдөй билдирүү таратты.

“Бул жарандын берген маалыматты жалган. Мындай аракети  менен ал өзү кылмыш жоопкерчилигинен качууну жана милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетирүүнү көздөп жаткандыгын баса белгилейт.”-деп берилет маалыматта.

Ошондой эле кыз убактылуу кармоочу жайына киргизилип жатканда денесинде эч кандай жараттары болгон эместигин билдирген. Учурда анын милиция кызматкерлерине карата жалган жерден маалымат бергендиги боюнча тиешелүү юридикалык баа берүү жагы каралууда.

Маалыматка караганда, 29-сентябрында Ош шаарынын  Ак-Буура милиция бөлүмүнө  Шакиров көчөсүндө орун алган  дарыканасынын сатуучусу тарабынан дарыканада эки бейтааныш кыздар ызы-чуу салып жаткандыгын кабарланган. Ызы-чуу салган аялдар дарыканадан врачтын рецепти менен гана сатыла турган, атайын тизмеде турган көзөмөлсүз ичсе ден соолукка кооптуу дарыны талап кылышкан. Аргасыз дарыканачы  102 кызматына кабаралаган.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келген учурда дарыканадагы эки кыздар милиция кызматкерлерине дагы баш ийбестен, алардын дарегине жаман сөздөрдү айтышкан,    ызы-чуу салышкандыктан, ал эки кызды милиция бөлүмүнө алып келүү аракетин жасашканда  алардын бирөө милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп,  колун тиштеп алган.

Аталган маалымат, 2022-жылдын 29-сентябрында Ош ШИИБнын маалымат электрондук журналына катталып, бул факты боюнча, 9-сентябрда КЖКнин 280-ст. 2-б. 4-п. ( бейбаштык) каралган кылмыш белгилери менен  кылмыш иши козголгон.

Кызматкерлерге каршылык көрсөткөн аял Ош шаарынын тургуну  Э.Б. аттуу аял экендиги  такталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Киргизилген убакта эч кандай денесинде жараттары болгон эмес»-деп айтылат маалыматта.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

485