Каржы пирамидаларынын уюштуруучулары эл арасында таанымал адамдар аркылуу өз компаниясын жарнама кылууга өтүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди
«Каржы пирамидаларынын уюштуруучулары эл арасында таанымал адамдар аркылуу өз компаниясын жарнама кылууга өтүштү. Аларга батир же унаа алып беришкендигин айтып, белгилүү адамдар аны алгандыгын тастыкташып социалдык тармактарга жүктөшүүдө. Буларды көргөн карапайым адамдар араңдан топтогон акчаларын алып келип, каржы булактарына тапшырып, жыйынтыгында чыгымга дуушар болууда.
Негизинен эл арасында позитивдүү маалыматка караганда такталбаган, терс көрүнүштөр камтылган маалыматтар тез тарап жаткан учуру»,- дейт аталган облустук ички иштер башкармалыгынан.