7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 кылмыш иши козголгон

542

Турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүнөн жабыр тарткан жарандардын саны 139га жетип, келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 66 млн 641 миң сомду түздү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3 ай ичинде кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 кылмыш иши козголгон. Ошондой эле, өткөн жылдагы 2 кылмыш иши дагы иликтенип жатат.  Азыркы учурда сотко мындан аркы териштирүүлөрдү жүргүзүү үчүн 37 кылмыш ишинин материалы жөнөтүлдү.

Айрым материалдар жарандык сот  өндүрүшүнүн тартибинде каралуусуна байланыштуу 17 иш өндүрүштөн кыскартылган. Калган фактылар боюнча иликтөө жүрүп жатат. 77 кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилген. Андан сырткары, 30 жарандын кайрылуусу бар, алар боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыр тарткан жарандардын саны 139 түзөт. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы  66 млн 641 миң сомду түзөт.

Бишкек шаары боюнча, “Белый дом КейДжи” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 37 кылмыш иши козголгон. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 11 миллион сомду түзөт.  Кооперативдин шектелген директору абакка камалган.

Ош шаары боюнча, “Ордо-Мурас” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 17 кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда кылмыш ишинин сотко чейинки өндүрүшү Жазык-процесстик кодексинин  27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пункту менен токтотулган.

“Биринчи турак жай” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча азыркы учурда 1 кылмыш иши иликтенүүдө. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы  16 миллион сомдон ашык. Арыз менен 30 жаран кайрылган. Тиешелүү эскпертизалар дайындалган.

Ошондой эле, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан “S-Line”  кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 19 кылмыш иши иликтенип жатат. 40 кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 35 миллион 400 миң сом. Милицияга арыз менен 54 жаран кайрылган.

Андан сырткары, “Ихсан Групп ЛТД” коопертивинин ишмердүүлүгү боюнча  кылмыш иши козголгон. Жарандарга келтирилген чыгымдын жалпы суммасы такталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

543