7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пенсиялык реформа жаш куракка таасир этпеши керек

610

“Пенсиялык системаны реформалоодогу кадамдарга карата айтылып жаткан жаңылыктар жүзөгө шыр ашып кетеринде күмөн бар. Себеби, коомчулуктун пикири ар кыл. Мен мындай жаңылыкты колдобос элем”, — деп билдирди депутат Исхак Масалиев «Парламент» радиосунда.

“Азыркы пенсиялык системага сунушталып жаткан жаңылык туура эмес чечим. Министрлер кабинети бул жагынан тынымсыз иштеп, элдин жашоо шартын жакшыртууга көңүл бурушу керек. Аз айлык менен иштеп жаткан мугалимдер ардактуу эс алууга чыкканда кадр жетишсиздигинен айрымдары иштеп жүрөт. Аларды пенсиясыз калтырып, айлыгыңды эле кара, деген адилет болбой калат. Алар канча тажрыйбасын жумшап, мээнет менен жеткен пенсиясын жокко чыгарып салуу сабатсыз иштин жыйынтыгы болуп калмак. Врачтар арасында деле ушундай көрүнүш. Жалпысынан, союздун тушундагы мисалга келсек, анда аялдар 55 жаштан пенсияга чыкса, азыркы жаштын узартылышы ансыз да түйшүкчүл жан аялзатына кош көңүлдүк кылганга барабар болуп калат”, — деп билдирди депутат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

611