7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милицияны бетке муштап, кийимин айрыган жарандар камакка алынды

290

Милиция кызматкерине зомбулук көрсөткөн жарандарга карата кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдирди.

5-апрелде Ош шаарынын Амир-Темир жана Ферганская көчөлөрүнүн кесилишинде “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаада спирттик ичимдик ичип, коомдук тартипти бузуп жаткан жарандар тууралуу маалымат түшкөн.

Кызматтык милдетин аткарып барган милиция кызматкерлери Мурадыл Исраилов жана Кутман Калилов тарабынан спирт ичип отурган жарандар С.Н. жана Б.М. кармалып, наркология бөлүмүнө жеткирилген. Жеткирүү учурунда жарандар каршылык көрсөтүп, алардын бири М.Исраиловго зомбулук көрсөтүп, бетке муштап, кызматтык кийимин айрып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн.

Кызматкер М.Исраилов жабык баш мээ жаракатын алып, медициналык экспертизанын корутундусу менен жеңил жаракат алган деп табылды.

Бул факты боюнча аталган жаранга “бейбаштык, бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү” боюнча кылмыш иши козголуп, 30-апрелде ага айып угузулду.

Ош шаардык сотунун чечими менен эки жаран 14-майга чейин камакка алынды.

291