7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөө иштеринен кабар алды

585

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Аламүдүн капчыгайындагы дайынсыз жоголгон жаранды издөө ишинин жүрүшүнөн жеринен кабар алды.

Министр куткаруучуларды издөөдө конкреттүү пландын негизинде иш алып барып, керектүү издөө каражаттарды жана техникаларды тартуу зарылдыгын эскертти. Ал ошондой эле 18-январь күнү улана турган издөө ишине куткаруучулардын санын көбөйтүү тапшырмасын койду.

Мындан сырткары куткаруучуларды тамак-аш менен камсыздап, ден-соолугунун абалын да көзөмөлгө алуу керектигин айтты.

Белгилей кетсек, 14-январь күнү Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган М.М. уулу дайынсыз жоголгон. Аны издөөгө жалпы 262 адам, 15 техника жана 10 дрон тартылган.

 

586