7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр: Эгемендүүлүккө чейин биз азыктарды сыртка экспорт кылчубуз, азыр…

427

Бүгүн, 4-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасында 2021-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү талкууланды.

Жыйында баяндама жасаган айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков 2021-жылы өздөштүрүлгөн жерлердин аянты 6 миң 700 гектарды түзөөрүн белгилеп: «Климаттык өзгөрүүлөр жаңы технологияларды пайдалануу зарылчылыгын жаратып, тамчылатып сугаруунун көрсөткүчү быйыл 2 миң 700 гектарга жетет. Ал эми республикабызда 2 жарым миңден ашуун күнөскана бар. Тиешелүү жарлыктын негизинде быйыл үрөөн жана асыл тукум чарбаларына артыкчылык берилүүдө», — деди.

Ошондой эле быйылкы жазгы талаа жумуштары 699 миң гектар жерде жүргүзүлөөрүн айткан министр: «Бул жумуштарды ийгиликтүү өткөрүү үчүн Өкмөттүн 34-токтомунун негизинде Ачыл-чарбасын каржылоо-9 долбоору аркылуу 6 млрд сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөн. Ага ылайык дыйкандарга жана малчыларга 6, 8 жана 10%дык ченде насылар берилип жатат», — деп кошумчалады.

Мындан сырткары, сапаттуу үрөөн, жер семирткич, техника жана сугат суу менен камсыздоо маселелерине токтолгон Аскарбек Жаныбеков: «Буудайдын үрөөнү 85%га, арпа үрөөнү 89%га, калган өсүмдүк түрлөрү дээрлик 100%га камсыздалды. Бирок, тилекке каршы дыйкандарыбыз толугу менен сапаттуу үрөөндөрдү себе алышкан жок. Үрөөнчүлүк чарбаларыбыздын 50%ы тиешелүү талаптарга жооп бере албагандыктан, азык түлүк коопсуздугу камсыздалбай келет. Ошондуктан жылына башка өлкөдөн 350 миң тонна азыктык буудай, 90-95 миң тонна ун алабыз. Эгемендүүлүккө чейин биздин өлкө гана аталган азыктарды сыртка экспорт кылчубуз», — деп билдирди.

428