Ысык-Көлдө 13 жаштагы өспүрүм өз үйүндө асынып каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактарына Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирген.
Маалыматка ылайык, 2-мартта милицияга 7-класста окуган бала үйүнүн короосунда асынып алганы тууралуу кабар түшкөн.
«Бизге өспүрүм асынып алганы тууралуу айылдаштары билдирди. Милиция кызматкерлери сөөктү карап, анын денесинен аркандын изинен башка так табышкан эмес», — деген ал.
Ошондой эле, алдын ала тергөөнүн жыйынтыгы менен бала өз өмүрүнө кол салганы айтылууда. Учурда окуянын себептери такталып жатат.