7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Спирт ичимдигине ууланып каза болгондор тууралуу жаңы жагдайлар айтылды

792

 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен массалык уулануу боюнча маалымат берди.
«Бүгүн, 4-мартка карата таңкы саат 03:00дөн саат 04:30га чейинки аралыкта Аксы районундагы аймактык ооруканасына 4 жаран кайрылган. Алардын үчөө көрүлгөн чараларга карабай каза болуп, бир бейтап дарыланууда. Абалы орто оор. Мындан тышкары дагы 3 жаран үйүндө каза болгон. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалыматы боюнча, 2-мартта саат 13:30дан саат 16:30га чейинки аралыкта Кара-Суу айлынын 19 тургуну кафеден түштөнүшкөн. Бейтаптардын айтымында, алар салат, беш бармак жана сууга аралаштырылган спиртти ичишкен. Учурда массалык уулануу боюнча эпидемиологиялык тергөө башталып, уулангандар менен чогуу тамактанган башка адамдарды аныктоо иши жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат эпидемиологиялык текшерүүнүн жыйынтыгы менен берилет», — деп билдирди мекемеден.
Буга чейин,Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында спирт ичимдигине ууланып, 3 адам каза болгондугу кабарланган.

793