7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  

Курсы валют:

84,83
USD +0,01%
101,91
EUR –0,46%
1,10
RUB –1,05%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
1°C

УКМК: «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» жетекчилигинен кызмат опузалоо фактысы аныкталды

127

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКтын жетекчилигинен кызмат опузалоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматты билдирди.

Маалым  болгондой, «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» компаниясынын бөлүм жетекчиси С.М. шантаж менен, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары жана жогорку кызмат адамдары аркылуу «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» компаниясынын жетекчилигине таасир этип, «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКтын бир филиалынын директору кызматына дайындоону талап кылган.

Кечээ, 3-мартта сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында С.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

128