7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр Кахраманмарашда куткаруучулардан кабар алып, Вандык кыргыздар менен жолугушту

589

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жер титирөөнүн очогу — Кахраманмараш шаарында болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал Кыргызстандын Түркиядагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев менен бирге мындагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн түзүлгөн атайын штабдын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө жолугуп, издөө-куткаруу иштери менен таанышты.

Андан соң министр кыргыз куткаруучуларына бөлүнгөн 5 тилкеде эки нөөмөт менен иштеп жаткан өздүк курамдын абалын жана алардын ишин көрүп, ал жердеги жакындарын жоготкондорго көңүл айтты.

Министр Бообек Ажикеев Кыргызстандан түрк элине жардамга берилген боз үйлөр шаарчасына барып, Вандык кыргыздар менен жолугушту.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

590