7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр Казакбаев Швейцариянын элчиси Оливье Бангертерди кабыл алды

488

Бүгүн, 30-августта Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырууга байланыштуу Швейцария Конфедерациясынын КРдагы элчиси болуп дайындалган Оливье Бангертерди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Министр Казакбаев Бангертерди бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Тараптар алдыдагы эки тараптуу иш-чаралар боюнча маселелерди талкуулашты, анын ичинде 2022-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүгө көңүл бурушту. Өнөктөштөр 2022-2025-жылдарга карата Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташуунун жаңы стратегиясын өзүнчө талкуулашты.

Министр Казакбаев стратегияга санариптештирүү, экология маселеси, региондорду жана агрардык секторду өнүктүрүү боюнча долбоорлорду киргизүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, тараптар кыргыз-швейцар мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты. Алар өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

КР тышкы ведомство башчысы Швейцария өкмөтүнө экономикалык жана техникалык жардам, ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун аягында министр Р.Казакбаев кыргыз тараптын эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө даярдыгын билдирди жана элчини КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга катышууга чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

489