7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр: Кыргызстанга 40 кабаттуу имараттарды куруу мүмкүнчүлүгү бар

197

Кыргызстанга 40 кабаттуу имарат куруу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев «Кабар» агенттигине берген маегинде айткан.

Анын айтымында, азыр Кыргызстанда 100 метрден өйдө бийиктиктеги имараттар курулуп жатат.

«Эки жылдан бери байкоо жүргүзүп, анын негизинде андан ушундай жыйынтыкка келдик. Учурда кытайлык инвестордун 40 кабаттуу имарат куруу мүмкүнчүлүгү бар. Жаңы технологиялардын жана эсептөө программаларынын аркасында курулуштун алдын тыкыр текшерүү жүргүзүлөт. Курулуш башталганга чейин жаңы технологиялардын жана программалардын жардамы менен бардык эсептөөлөр кылдат текшерилет. Өлкөнүн мындай имараттарды курууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар жана Кыргызстан бул багытта башка мамлекеттерден артта калбашы керек», — деди министр.

Ошондой эле Орунтаев Кытайдын Үрүмчү шаарында 60-70 кабаттуу имараттар курулганын, ал жердеги сейсмикалык шарттар Кыргызстандыкына окшош экенин белгиледи. Тобокелдиктерди баалоодо жана эсептөөлөрдү жүргүзүүдө дал ушундай долбоорлор үлгү катары алынат.

Министрдин маалыматы боюнча, учурда республикада бийиктиги 27 кабаттуу имараттар бар, 35 кабатка чейинки объектилер курулуп жатат, эми 40 кабатка жетүү мүмкүнчүлүгү пайда болууда.

198