7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлик: 450 миңден ашуун жарандын жөлөк пулу көбөйдү

802

Өлкөдө 450 миңден ашуун жарандын жөлөк пулу көбөйдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты. Белгиленгендей, жөлөк пул калктын аялуу катмарынын 15 категориясы үчүн жогорулатылды.

Басымдуу бөлүгүн аз камсыз үй-бүлөлөрдө жашагандар жана “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган 16 жашка чейинки балдар түзөт.

«Жөлөк пулу көбөйгөн кыргызстандыктардын саны 450 миңди түзсө, алардын 80 пайызы балдар» деп айтылат маалыматта.

Каражаттын өлчөмү 2016-жылдан бери 810 сом өлчөмүндө сакталып, 6 жылдан бери каралган эмес. Ал эми быйылтан тарта сумма ай сайын ар бир бала үчүн 1 миң 200 сомго чейин жогорулатылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

803