7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлик: Мектеп формасына ылайык келбеген кийим кийип келген окуучуну эч ким билим алуу укугунан ажырата албайт

1054

Билим берүү жана илим министрлиги жүйөлүү себептерден улам мектеп формасына ылайык келбеген кийим кийип келген окуучуну эч ким (мектеп администрациясы, мугалимдер, класс жетекчилер) билим алуу укугунан ажырата албастыгын жана ар кандай жаза берүүчү иш-аракеттердин жасалышына тыюу салына тургандыгын билдирет.

КРнын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө” 2015- жылдын 12-августунда №572- токтому кабыл алынган.

Токтомго ылайык, окуучулардын мектеп формасынын көрүнүшү, өңү, фасону классикалык стилде болууга тийиш. Демек, буга чейин белгиленген кийимдин классикалык стилине болгон талап күчүндө калат.

Ошондой эле окуучулардын мектеп формасында жалпы билим берүү уюмунун, класстын айырмалоочу белгилери: эмблема, төш белги, сайма ж.б. болушу мүмкүн.

Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1055