Бүгүн, 25-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Бакиров келерки жылы энергетика көйгөйү жаралышы мүмкүн экенин баса белгиледи.
Анын айтымында, кошумча энергетика булактарын табуу керек.
«Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд кубдун тегерегинде деп айтылып жатат. Бул келе турган кышта энергетика көйгөйүн жаратаары бышык. Андыктан, кошумча энергетика булактарын табуу учур талабы», — дейт ал.