Facebook социалдык тармагында «Глас Народа» массалык булагы Текебаев тууралуу жазып чыкты.
(Текст өзгөртүүсүз берилди)
«Дүжүр аксакал» болбойм деген Текебаев тетири басканды жакшы көрөт. Анткени бир иш жасагандан көрө, аны сынаган оңой. Сынчынын сыңар өтүгү майрык дегендей, Кыргызстан эгемендүүлүктү алганы бийликти сындап Текебаев теле берүүдөн түшпөй келет. Бирок өлкөнүн өнүгүшүнө өзү бир иш кылдыбы? Андан бери бешиктеги балдар үй-бүлөлүү киши болду, эптеген турмуштун этегин кармап жашап жатышат. Ал эми Текебаев ар кимди сындап жүрүп, чириген бай болду. Куу Теке кыйкырса эле, эл аны мурдагыдай ээрчийт деп ойлоп жатат. «Парламентаризм менен гана өнүгөбүз» деп өлкөнү аңга түртүп, бардык коррупционерлерди парламентке жыйып элдин эсебинен жашатып койду. Текебаев «дежур аксакал» эмес, элди куураткан «акшакал» катары тарыхта калат», — деп жазылган.
https://www.facebook.com/103368464479571/posts/227724815377268/