Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, бүгүнкү сессияда, Темир Сариев баштаган өкмөттүн кетүүсүнө эмне себеп болгонуна кызыкты. Аныгыраагы азыркы Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев, ошол учурда кандай кызмат өтөгөнүн, кайсы эмгеги үчүн кызмат орду жогоруланын сурады.
Ал ошону менен бирге, учурда талкуу болуп жаткан Корумду- Балбай жолу, Сариевди иштен кетүүсүнө түрткү болгон Балыкчы-Корумду жолуна салыштырмалуу өтө кымбат экендигин айтты.
«Эгер жол курууга ушунча каражат керек болсо, эң арзан баада жол салганы үчүн Сариевге орден берели анда«-, дейт Момбеков.
Посмотреть эту публикацию в Instagram