Президенттин Аппаратынын мурдагы орун басары Алмамбет Салиев УКМКнын тергөө абагында калтырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Жаргалбек Бабаев билдирди.
Ал буга чейин Алмамбет Салиевдин баш коргоо чарасын карап, сотко чейинки өндүрүш убагында эч жака чыкпоо талабы менен бошотууну суранган. Ал эми соттук коллегия адвокаттын арызын канааттандырган жок.
Эске сала кетсек, Алмамбет Салиев мыйзамсыз баюу фактысы боюнча шектелүүдө. Тергөөнүн версиясы боюнча, ага байланыштуу адамдардын атына катталган кыймылсыз мүлк объекттеринин жалпы наркы 900 миң доллардан ашат.