7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

Курсы валют:

84,83
USD 0,00%
98,48
EUR 0,00%
1,18
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
6°C

Москвадан Ысык-Көлгө жаңы авиакаттам ачылат

353

Москвадан Ысык-Көлгө жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 2021-жылдын жайкы туристтик мезгилин утурлай, 15-июлда Москвадан алгачкы каттамды тосуп алмакчы.

Москва-Тамчы-Москва маршруттук каттамын «Аэрофлот» авиакомпаниясы жумасына 3 ирет — дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү жүргүзүүнү пландоодо.

««Манас» эл аралык аэропорту» ААК авиабилеттердин баасын көзөмөлдөп же ага таасир тийгизе албайт, билеттерди сатууга да тиешеси жок. Баа саясатын авиабилеттерди ишке ашырган авиакомпания ички эрежелерине ылайык аныкташат», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

354