7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Монголияда болгон кум аралаш бороондон 6 адам каза болду

652

Монголиянын Дундговь аймагында кум аралаш катуу бороондон кийин 6 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Дундговь аймагынын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, бороондон кийин 5 чабандын жана 1 жаш баланын сөөгү табылган.

«Монголиянын өзгөчө кырдаалдар башкы башкармалыгы билдиргендей, 13-марттан бүгүн, 15-мартка чейин өлкөнүн 9 аймагында 548 адам дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Алардын ичинен 467 адам табылды. Куткаруучулар калган 81 кишини издеп жатышат. Аны менен бирге жергиликтүү массалык маалымат каражаттары өткөн дем алыш күндөрү батыш Монголиянын айрым аймактарында бороондон улам электр жарыгы өчкөнүн жазышты. Кум аралашкан катуу бороондон коңшу Кытай дагы жабыркады. Кытайдын түндүгүндө жана борбору Пекинде бүгүн, 15-мартта кум аралашкан катуу бороон катталды», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

653