7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москва районунда 822 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

286

Чүй облусунун Москва районунда 822 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым жетекчилери жана кызматкерлери муниципалдык же мамлекеттик менчикке каттоого алып коюунун милдеттүү тартибин сактабастан, жерлерди жеңилдетилген баада ижарага беришкен. Жасалма ижара келишимин түзүү жолу менен аларды жеке кызыкчылыктарына пайдаланышкан.

Ошондой эле үлүштүк жерлерге мыйзамсыз ээлик кылуу фактылары аныкталган, алардын менчик ээлери ар кандай себептер менен Кыргызстандын чегинен чыгып кеткен же каза болгон.

Учурда аталган жерлерди каттоо иштери жүргүзүлүп, күнөөлүү адамдардын аракеттерине укуктук баа берүү боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.

287