7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москвада 32 жаштагы кыргызстандык терроризмге айыпталууда

263

Москвада 32 жаштагы кыргызстандык Талант Онуров терроризмге айыпталууда. Бул тууралуу маалымат Россиянын тергөө комитетинин сайтында жарыяланды.


Маалыматка караганда, Талант Онуровго карата иликтөө иштери аяктап, «Электрондук жана маалымат-телекоммуникациялык байланышты колдонуу менен терроризмди үгүттөө» жана «Террордук актыны даярдоо» айыбы тагылды.


Тергөөнүн билдирүүсүндө, кыргыз жараны Москвада 2019-жылы келип, бир ай бою террордук акты жасоо үчүн жардамчыларды издеген. Ал Кыргызстанда жүргөндө дагы Россияда тыюу салынган «Ислам мамлекетин» үгүттөгөн видеороликтерди өзүнүн баракчасына жайгаштырган. Ал 2020-жылдын октябрь айында кармалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

264