Москванын мэриясы борбор калаада төрөлгөн ар бир бала үчүн мигранттарга 20 миң рублдан төлөп берет. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар мэриясы мындай чечимди пандемия алдында, тагыраагы, 2020-жылдын 18-февралында кабыл алган. Документте Москва шаарында туулган ар бир ымыркай үчүн ата-эне белек катары берилчү корзинанын ордуна 20 миң рубль алса болору жазылган.
«Россияда иштеп жүргөн чет элдиктер балалуу болсо шаар бийлиги 20 миң рублден берет. Мигранттар акчалай сыйлык же шаар жетекчиси Сергей Собянинден белек алса болот. Белектин ичинде ымыркайга керектүү буюм-тайымдар бар», — дешти элчиликтен.
Белгилей кетсек, эки же андан көп бала төрөлгөн учурда төлөм ар бир неристе үчүн берилет.