7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Биздеги дарылардын эң азы 3 эсе, эң көбү 10 эсе кымбат сатылып жатыптыр…

838

«Биздеги дарылардын эң азы 3 эсе, эң көбү 10 эсе кымбат сатылып жатыптыр», — дейт УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 25-сентябрда Алай районуна барган учурда.

Анын айтымында, Кыргызстанда фармацевттикалык мафия өтө тамырлаган.

«Кыргызстанда дарылардын фармацевттик мафиясы бар экен. Биздеги дарылар бүгүнкү күндө эң азы 3 эсе, эң көбү 10 эсе кымбат сатылып жатыптыр. Муну бардыгын атайын даярдалган адамдар биздин мамлекеттик кызматкерлер менен чогуу, биздин дарыгерлерибиз менен чогуу чоң мафия түзүлгөн. Мына ошол мафиянын бетин ачтык. Андан сырткары нефтепродуктыларды Кыргызстанга киргизе турган мафиянын куйругун кармадык. Бүгүнкү күндө бизде нефтепродуктылар баасы 56-58 сом, бирок базарда 50 сомго жетпеген акча менен сатылышы керек болчу экен. Бул мафия мамлекетти тоногонго кетип жатып. Муну эч ким караган эмес, жетекчилер карабайт, мамалекет көз салган эмес. Биз ушулардын ар бирин карганага багыт алдык. Мына УКМКнын ар бири кызматкери жарандардын укугун коргоого, мафияларга бөгөт коюууга укугуңар бар. Жөн эле күбөлүктү чөнтөккө салып алып, мен кызматкермин деп өзүңдүн же тууганыңдын жумушун бүтүрүп коюу бул иш эмес. Мен ар бириңердер жыл сайын отчет алам. Кайсыл кызматкер кандай иштерди жасады, кандай иштердин бетин ачты деп. Ошонун баарын өзүңор аракет кылгыла, силерге мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат», — дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

839