7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москвада “Жаш канат” ансамблинин спектакли баш байгеге ээ болду

999

Д.Шералиев атындагы № 6 балдар искусство мектебинин «Жаш канат» элдик хореографиялык ансамблинин “Живи и помни” спектакли Москвада өткөн “1941-жылдын алмалары” жаштар театрынын эл аралык сынагында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Орус драма театрында кыргыз көрүүчүлөрүнө тартууланып, көрсөтүүнүн соңунда борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева балдарга сыйлыктарын тапшырды.

Буга чейин ансамблдин көркөм жетекчиси Фаткулин Канат Серкалиевич сыйлыкты алуу үчүн Москвага учуп кеткен.

Ошондой эле, спектаклдин режиссёру жана сценаристи, «Жаш канат» фольклордук хореографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси Фаткулин К.С. «КМШ шаарларын туруктуу өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» эстелик төш белгиси менен сыйланды.

«Адамзаттын эң каргашалуу убакыттарынын бир бий, ыр, монологдор аркылуу берилген. Жаш актерлордун оюну эч кимди кайдыгер калтырган жок»,-деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1000